Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-орус бизнес форумунда 500 млн долларлык документтерге кол коюлду

Кыска кабар | 10 Окт 2022 | 252 | 0

Ош шаарында өткөн орус-кыргыз инвестициялык форумунун жыйынтыгында 500 миллион долларлык инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча 20га жакын документке кол коюлду.

Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Арасында капсула салынып, курулушу башталган долбоорлор да бар.

«Кеп газобетон заводун куруу боюнча эң ири долбоор жана Баткен облусундагы эки социалдык долбоор тууралуу болуп жатат. Ошондой эле келечекте Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча 50 миллион долларлык келишим иштелип чыгат. Келерки жылы аны ишке ашырууга кирише алабыз деп ишенебиз. Ошондой эле күн станцияларын куруу, темир жолго жогорку сапаттагы россиялык жабдууларды, Ош шаарынын мэриясы үчүн жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды алып келүү боюнча келишимдерге кол коюлду», — деди Новиков.

Мындан тышкары ал 2021-жылдан тарта эки өлкөнүн бизнесинин өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча иштер жанданганын белгиледи. Бул убакыттын ичинде Ысык-Көлдө бизнес-форум, россиялык компаниялардын Кыргыз Республикасына эки бизнес-миссиясы болуп өттү.

«Ош шаарындагы форумга Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы, Орусиянын өкмөт мүчөлөрү, эки өлкөнүн президенттеринин аппараттарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM