Биз менен байланышыңыз

Оң рулдуу унаалардын рулун алмаштыруучу сервистик борборлорду ачуу сунушталды

Кыска кабар | 6 Окт 2022 | 593 | 0

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Руслан Жакышов оң рулдуу унаа айдаган жарандардын кайрылуусун айтты. Анын айтымында, оң рулдуу унаалардын 20 миңден ашкан.

«Акыркы учурлары Абхазия, Армения, жана башка мамлекеттерден келген оң рулдуу унаалардын 20 миңден ашканы кабарланды. Бирок аларды каттоо жолго коюлбай келет. Натыйжада унаа ээлерине да ыңгайсыздык жаралып, мамлекет да көп кирешеден куру жалак калууда”, – деди ал.

Муну менен катар оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксаат берип, автопаркыбызды жаңылоо сунушун берди.

«Жок дегенде оң рулду сол рулга алмаштырып алгыдай сервистик борборлорду куруп, маселени чечүү керек. Мындай тажрыйба дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар. Жакында эле Казакстандын Алмата шаарында унаалардын рулун алмаштыруучу сервис ачышты. Антпесек, эски унаалар өлкөбүздү каптап, экологиябыз олуттуу жабыркоодо», – деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM