Биз менен байланышыңыз

Быйыл сегиз айда жол кырсыктарынан 379 адам көз жумду

Кыска кабар | 4 Окт 2022 | 236 | 0

Быйыл сегиз айда жол кырсыктарынан 379 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов парламенттин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Өткөн жылдын алгачкы сегиз айына салыштырмалуу быйылкы сегиз айда жол унаа кырсыктары 8,9%га, анда каза болгондордун саны 31,3%га азайган.

Тармактык комитет «Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Жол кыймылы жөнүндөгү», «Автомобиль транспорту жөнүндөгү», «Билим берүү жөнүндөгү» жана «Ички иштер органдары жөнүндөгү» мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Талкуулардын жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы жактырылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM