Сасык тумоонун күчөшүнө байланыштуу коронавируска каршы кошумча эмдөөнүн темпин жогорулатуу үчүн 90 күндүк кампания башталды.
Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, бустердик эмдөөнү мындан 3-4 ай мурун коронавируска каршы вакцина алган бардык жарандар ала алат. Бүгүнкү күндө өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү экени айтылды.
«Айрыкча 4-доза өнөкөт оорулары бар адамдарга жана 60 жаштан ашкандарга сунушталат», — деп айтылат маалыматта.