Биз менен байланышыңыз

Өзгөндөгү жабык жыйын, сыртта калган эл (видео)

Блог | 4 Окт 2022 | 862 | 0

Бүгүн, 4-октябрда президент Садыр Жапаров Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барды. Аны башкы прокурор Курманкул Зулушев, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана депутаттар Адахан Мадумаров, Улукбек Ормонов, Элмурза Сатыбалдиев коштоп жүрөт.

Учурда Өзгөн райондук администрациясынын жыйындар залында президент чогулуш өткөрүп жатат. 

Келген эл толук киргизилген эмес. Жергиликтүү тургундардын айтымында, чогулушка кирген адамдар мурдатан даярдалган болушу мүмкүн. 

Өзгөн районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычын жана анын айланасындагы жер тилкелерин Өзбекстанга берүүгө каршы чыгышууда. Мындай митинг өткөн жылы да өткөрүлүп, анда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев элдин талабы аткарыла турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM