Биз менен байланышыңыз

Таалайбек Ибраев энергетика министринин милдетин аткаруучу болду

Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 172 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Таалайбек Ибраев энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Таалайбек Ибраевдин талапкерлиги энергетика министринин кызматына дайындоо үчүн Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Президенттин башка жарлыгы менен бүгүн Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. 13-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан энергетика министри Доскул Бекмурзаевге «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» фактысы менен эки кылмыш иши козголгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM