Биз менен байланышыңыз

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 3 Окт 2022 | 247 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

13-сентябрда Башкы прокуратура тарабынан энергетика министри Доскул Бекмурзаевге «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» фактысы менен эки кылмыш иши козголгон.

Атап айтканда, 2021-2022-жылдары энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызмат абалынан пайдаланып, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркияга, Өзбекстанга жана Орусияга негизсиз жөнөткөн. Натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилгени аныкталган.

Мындан тышкары министр «Теплые ключи» ден соолукту чыңдоо комплексинин имараттарын капиталдык оңдоодо «Б.»ЖЧКсына жалпысынан 15 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM