Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Бейшеналиев эки айга камалды

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 643 | 0

Пара алууга шектелип кармалган Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, 2 айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды.

Алмазбек Бейшеналиев журналистердин суроолоруна жооп берип жатып, күнөөсү жок экенин, жакында баары ачыкка чыгарын, конверттеги акча билим берүү тармагына инвестиция үчүн берилгенин айткан.

Эске салсак, ал чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына кабыл алууда ири өлчөмдө пара алган деген негизде кармалган. Бул окуя коомдо катуу талкуу пайда кылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM