Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаровдун Баткен облусундагы иш сапары уланууда (видео)

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 120 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен районунун Капчыгай, Ак-Сай, Миң-Өрүк жана Достук айылдарында болду. Анда ал чек арага чектеш айылдардын тургундары менен жолугушуп, Тажикстандын куралдуу агрессиясынан жабыркаган турак жайларды, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди көрүп чыкты.

Учурда жеринде курулуштарды баалоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, ыктыярчылар, атайын техникалар тартылган.

«Капчыгай айылында дээрлик бардык үй талкаланган. Биз жаңы үйлөрдү курабыз, тийиштүү инфраструктура каралып, таза суу, асфальт жолдор менен камсыз болуп, көчөлөр жарыктандырылат. Бул жаңы айыл болот, тиешелүү башкы планды иштеп чыгуу керек», — деди Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берип жатып.

Ак-Сай айылында Министрлер кабинетинин төрагасы талкаланган мектептин имаратын көрүп чыкты. Балдардын коопсуздугун камсыздоону эске алуу менен жаңы мектеп куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тапшырмалар берилди.

Ал белгилегендей, мамлекеттик каржы институттары өндүрүштү калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө жеңилдетилген кредиттик каражаттарды бөлөт.

Баткен шаарында Жапаров куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгондорду эскерди. Курман болгондорго арналып куран окулду.

Белгилей кетсек, эртең, 1-октябрда куралдуу баскынчылыктын натыйжасында жабыркаган жана талкаланган Баткен жана Ош облустарындагы административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын биринчи отуруму өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM