Биз менен байланышыңыз

Аскерлердин айлыгы көтөрүлөт. Акылбек Жапаров Баткенде

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 307 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Лейлек районунун Максат, Борбордук жана Арка айылдарына барды.

Ал чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары менен жолугушуп, талкаланган үйлөрдү, социалдык объектилерди жана башка инфраструктураларды калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

«Биз Тажикстан менен чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин чечүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшап жатабыз. Жабыркаган бардык турак жай жана социалдык объекти калыбына келтирилет, мамлекеттик комиссия түзүлдү, аны мен жетектөөдөмүн. Бардык калыбына келтирүү иштери менин көзөмөлүмдө турат», — деди Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары аскер кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөрүн, айрыкча, Баткен жана Лейлек райондорунда кызмат өтөп жаткан аскер кызматкерлеринин маянасы андан дагы жогору болорун белгиледи.

Куралдуу баскынчылык актысынын натыйжасында 640 турак жай (430 үй жашоого жараксыз, 210 үй оңдоону талап кылат), 11 административдик-стратегиялык объекти, 18 социалдык объекти (8 мектеп, 7 бала бакча, 3 фельдшердик-акушердик пункт), 336 көмөкчү имарат, 197 чарба объектиси, 1 унаа өтүүчү көпүрө, 55 автомашина жабыркаган. Калыбына келтирүү иштерине куткаруучулар, ыктыярчылар, атайын техникалар тартылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM