Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Ошто мектеп директорлорун тандоонун II айлампасы жарыяланды

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 1691 | 0

Бишкек жана Ош шаарлары боюнча мамлекетик жана муниципалдык мектеп директорлорунун бош кызмат орундарына конкурстун экинчи айлампасы жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Сынакка катышуу үчүн талапкер документтерди 29-сентябрдан 9-октябрь, саат 18:00гө чейин жеке электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтүшү керек.

  • Бишкек — konkurs2.bishkek.2022@gmail.com;
  • Ош — konkurs2.g.osh.2022@gmail.com.

Документтерди өз убагында тапшырбоосу же документтердин толук берилбөөсү талапкерди сынактан четтетүүгө негиз болуп эсептелет.

Компьютердик тестирлөөнүн графиги жана орду кийинчерээк жарыяланат.

Талапкер бир гана бош орунга арыз бере алат. Бишкекте он алты, Ошто жети гана бош орун бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM