Биз менен байланышыңыз

Баткен милициясы талкаланган үйлөрдү тазалоого жардам берүүдө (сүрөт)

Кыска кабар | 30 Сен 2022 | 126 | 0

Тажикстандын кол салуусунан Баткен облусунун Лейлек, Баткен райондорунун жашоочуларынын турак жайлары талкаланып, өрттөлүп кеткен. Учурда коопсуз жайларга көчүрүлгөн жарандар үйлөрүнө кайтып жатканына байланыштуу, Баткен облусунун милиция кызматкерлери жарандарга үйлөрүн иретке келтирүү үчүн жардам берип жатышат. Бул туруалуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Ошону менен бирге милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга укук бузууларга, чагымчыл аракеттерге жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, үйлөрүнө көчүп жаткан жарандардын коопсуздугу камсыздалып жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM