Биз менен байланышыңыз

Мирлан Самыйкожо парламентке басым күчөгөнүн жарыялады

Кыска кабар | 28 Сен 2022 | 1802 | 0

Депутат Мирлан Самыйкожо Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында парламенттин «кудайлары» көбөйүп бара жатканын белгиледи. Анын айтымында, парламенттин үстүндө эл менен Кудай гана турушу керек.

«Параменттин төрүндө тайраңдап, өз билгендерин кылып, жоо жакадан алып турганда, жоо менен эмес, парламент менен кармашканга өтүп жатышат. Азыр аны дагы бир кесиптешибиз ачыктап көрсөтүп берди. Парламентти басынтып, жаман көрсөтүү аракетин кылышып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү. Эч ким эч качан, эч кимдин этегине намаз окубашы керек. Биз элдин ырысы менен келечегинен корколу»,  — деди Самыйкожо.

Ошондой эле ал чек аранын чечилбеген бүдөмүктөрүнө сөзсүз жооп берилиши керектигин белгиледи.

Мындан сырткары ал президентти элдин үмүтүн актап, жоопкерчиликтүү болууга чакырды.

 

Copyright © 2017 Maral FM