Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Канайым Бактыгулова кызматынан бошотулду

Кыска кабар | 27 Сен 2022 | 171 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Канайым Бактыгулова Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, Пекин шаарындагы резиндециясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Монголиядагы элчиси кызматынан бошотулду.

Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Эске салсак, Канайым Бактыгулова буга чейин дагы 2013-2017 жылдары Кытай менен Монголиядагы ыйгарым укуктуу элчилик кызматты аркалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM