Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын өкмөт башчысы Арипов Бишкекке келди

Кыска кабар | 26 Сен 2022 | 144 | 0

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мейманды «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстандын премьер-министри Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча биргелешкен жыйынына катышат жана президент Садыр Жапаров менен жолугат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM