Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Баткен жана Лейлектин тургундары үй-жайына кайта берсе болот (видео)

Кыска кабар | 25 Сен 2022 | 906 | 0

Тажик тараптын кол салуусунан коопсуз аймактарга эвакуацияланган Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары үйлөрүнө кайта берсе болот. Мындай маалыматты УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айтты.

«Жашоочулар өз алдынча үйлөрүнө кайта берсе болот. Эгерде мүмкүнчүлүк жок болсо, анда жергиликтүү бийлик органдары ӨКМ менен биргеликте транспорт уюштуруп берет. Көчөгө чыгып, транспорт издеп кыйналбаңыздар. Анын баарын өзүбүз уюштуруп беребиз. Бүгүндөн баштап мамлекетибизде, чек арабызда тынчтык болот», — деди Ташиев.

Бүгүн, 25-сентябрда «Кызыл-Бел» көзөмөл-өткөрмө пунктунда чек арадагы акыркы кырдаалды талкуулаган эки тараптуу жолугушуу өттү. Анын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Ал протоколго ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы төрт пост эки тараптан тең алынат.

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасындагы төрт пост эки тараптан тең алынды (видео)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM