Connect with us

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасындагы төрт пост эки тараптан тең алынды (видео)

Кыска кабар | 25 Сен 2022 | 1830 | 0

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов «Кызыл-Бел» чек ара өткөрмө пунктунда жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкө чек ара аймактарында мындан ары чыр-чатакка жол бербөө боюнча протоколго кол коюшкан. Макулдашылган протоколдун мазмуну боюнча Камчыбек Ташиев  биларга токтолду.

«Кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан төрт көзөмөл-өткөрмө посту эки тараптан тең алына турган болду. Алар: «Тамдык» (Кыргызстан) — «Бедак» (Тажикстан), «Булак-Башы» (Кыргызстан) — «Кех» (Тажикстан), «Катта-Туз» (Кыргызстан) — «Кара Чикум» (Тажикстан) «Дача» (Кыргызстан) — «Шаршене» (Тажикстан). Ушул посттор дайыма жаңжалдардын чыгышына себепчи болуп келген. Ал жерде мындан ары  эч ким болбойт, аскерлер дагы, жарандар дагы.  Мындан сырткары чек араларды демаркация жана делимитациялоо боюнча комиссиялардын ишин тездетип, тез арада чек ара маселеин чечүүнү сүйлөштүк. Буйурса, комиссиялар тез арада иштеп, ушул маселелердин барын чечебиз деген ойдобуз» , — деди ал.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде тажик тараптан ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин 5 аймагынан ок чыгарышкан. 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн. Бирок 16-сентябрда таңкы саат 6:00дө тажик тарап Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. Акыркы кол салуусу үч күнгө созулуп, тажик тарап оор бронетехниканы, реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын «тирүү» калкан катары колдонгон.

Тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жаракат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

 

Copyright © 2017 Maral FM