Биз менен байланышыңыз

Баткенде 80 миң жаран үй-жайына кайтууда

Кыска кабар | 25 Сен 2022 | 171 | 0

Бүгүн, 25-сентябрь саат 12:00гө карата эвакуацияланган 80 миң 809 жаран турак-жайына кайта баштады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 миң 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан. 3 миң 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 миң 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кетишкен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Баткен облусуна жалпы 1435,037 тонна гумжардам жеткирилген. Анын ичинен 252,057 тонна Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан, 1020,92 тоннасы жарандар тарабынан жеткирилген.

Учурда кампада 162,6 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп, Баткен облусуна жөнөтүлүүдө.

Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 129 пункт уюштурулуп, кабыл алынууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM