Connect with us

Чек арадагы айрым жарандарга курал колдонуу укугун берүү кайрадан сунушталды

Кыска кабар | 25 Сен 2022 | 1474 | 1

Чек арага жакын аймактардын жашоочуларына курал-жарак берүү боюнча мыйзам долбоору кайрадан демилгеленип, коомдук талкууга коюлду. Долбоордун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов.

Мыйзам долбооруна ылайык, 20 жашка толгон жарандарга курал-жарак берилип, тышкы коркунуч жаралган учурда аны колдонуу укугу болушу керек. Ошол эле маалда курал колдонууга уруксат ала турган жарандар атайын окуудан өтүп, курал колдонуудагы коопсуздук эрежелери боюнча билимдери текшерилет.

Уруксат жашаган жери боюнча ички иштер органы тарабынан белгилүү бир мөөнөткө берилет жана ошол эле учурда куралды сактоого жана алып жүрүүгө уруксат болуп саналат.

Чек арага жакын өзгөчө макамдагы аймактардын тургундары сырткы коркунуч жаралган учурда өмүрүн, саламаттыгын жана мүлкүн коргоо үчүн курал-жарак колдонуу укугуна ээ болушу керек.

Ал эми уруксат алуунун тартиби Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

2021-жылы май айында да Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган топ ушундай эле демилге менен чыгып, чек араны мыкты билген адамдардан атайын кошуун түзүү, аларды аскердик окуудан, машыгуулардан өткөрүү, зарыл болгон учурда курал колдонуусуна уруксат берүү маселелери сунушталган. Анда «КР Чек ара ыйгарым мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экс-депутаттар Абдывахап Нурбаев, Исхак Пирматов, Мирлан Жеенчороев, Алтынбек Сулайманов, Карамат Орозова, Улугбек Садыков жана Жанар Акаев демилгелеген.

Ал мыйзам долбоору 2021-жылдын апрель-май айларында кыргыз-тажик чек арасында болгон чырдан кийин сунушталган.

220922154018_Долбоор

Copyright © 2017 Maral FM