Connect with us

Кыргызстан менен Мальдивдин ортосунда визасыз режим ишке ашат

Кыска кабар | 25 Сен 2022 | 384 | 0

Американын Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Мальдивдин тышкы иштер министри Абдулла Шахид менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Кыргыз өкмөтү менен Мальдив өкмөтүнүн ортосундагы визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө макулдашууга кол коюулду.

Макулдашууда эки өлкөнүн жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык паспортторуна ээ жарандары 30 күнгө кирүүдө жана чыгууда, убактылуу жашап турууда визалык талаптардан бошотуу көрсөтүлгөн.

Жолугушуунун соңунда, тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүү ниетин билдиришти.

Copyright © 2017 Maral FM