Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу

Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 383 | 0

Баткен облусунун аймагында 22-сентябрдан 23-сентябрга караган түн тынч өттү. Жалпысынан алганда кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн облус жетекчилигинен түзүлгөн иштөө тобу бүгүнда иш алып барышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Рысбек Жолдошбаев Тажикстан баскынчылары жараксыз кылган имараттар тууралуу 22-сентябрда маалымат берди.

Анын айтымында, жарактан чыккан имараттар такталып жатат. Учурда алынган маалыматка караганда:

432 турак үй;

285 мал сарай;

6 мектеп жана бала бакча;

2 фелдшердик-акушердик пункт (ФАП);

9 административдик имарат;

171 жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоочу жайлар (соода борбор, дүкөн, мончо, унаа оңдоочу жай ж.б.);

26 унаа талкаланып, тонолуп, өрттөлгөн.

Ошондой эле кечээ жарылбай калып кеткен жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу иштеринде 78 снаряд табылган.

Copyright © 2017 Maral FM