Connect with us

Куралдуу кол салуудан жабыркаган 13 бала дарыланууда

Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 225 | 0

Баткен облусунун бардык саламаттык сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимде иш алып барууда. Бул тууралуу Баткен обулустук саламаттык сактоо тармагынын координатору Арзыбек Бөрүбеков айтты.

Анын айтымында, ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.

«22-сентябрь саат 10:00гө карата ыкчам маалымат боюнча, Баткен облусундагы куралдуу кол салуудан кийин саламаттык сактоо уюмдарына 198 адам кайрылып, алардын 61и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлсө, калгандары Бишкек, Ош жана Баткен шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Жабырлануучулардын ичинен 13ү жаш балдар, 171и эркектер жана 14 аял. 120 жабырлануучу Бишкек жана Ош шаарларындагы ооруканаларга которулган» , — деди Бөрүбеков.

Бөрүбеков кошумчалагандай, баардык жабырлануучуларга керектүү кандын компоненттери, дары-дармектер жетиштүү деңгээлде.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM