Биз менен байланышыңыз

Султанбаев: Президент Нью-Йоркко акысыз учуп барды

Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 1993 | 0

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Садыр Жапаровдун БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн Америкага учуп барган жеке учагы боюнча түшүндүрмө берди.

«Бул иш сапар башталганда кызуу талкууланган теманын бири президенттин учагы болду. Ушуга байланыштуу айрым тактоолорду киргизип кетким келет. Жылдын башында сиздерге Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын билдиргем. АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады. Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган. Учак № 1 борт катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланылат.

Бул учактын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учуу мөөнөтү дагы түгөндү», — деп жазган Султанбаев.

Ал кошумчалагандай, азыркы учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек.

Эске сала кетсек, 21-сентябрда Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM