Connect with us

Баткенде 432 турак үй өрттөлүп, талкаланган

Кыска кабар | 22 Сен 2022 | 487 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы Рысбек Жолдошбаев Тажикстан баскынчылары жараксыз кылган имараттар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, жарактан чыккан имараттар такталып жатат. Учурда алынган маалыматка караганда:

432 турак үй;

285 мал сарай;

6 мектеп жана бала бакча;

2 фелдшердик-акушердик пункт (ФАП);

9 административдик имарат;

171 жарандардын турмуш-тиричилигин камсыздоочу жайлар (соода борбор, дүкөн, мончо, унаа оңдоочу жай ж.б.);

26 унаа талкаланып, тонолуп, өрттөлгөн.

Баткен жана Лейлек райондорунда урандыга айланган үйлөрдү тазалоо иштери эртең башталат.

Кечээ жарылбай калып кеткен жарылуучу заттарды зыянсыздандыруу иштеринде 78 снаряд табылды.

Copyright © 2017 Maral FM