Биз менен байланышыңыз

Баткендин айрым айылдарына гуманитардык жардам жетпей калууда

Коом | 21 Сен 2022 | 317 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жабыркагандарга гуманитардык жардам чогултуу үчүн жалпы 188 пункт уюштурулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Өлкөнүн бардык аймагынан чогултулган гуманитардык жардамдар Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Бирок Баткендин айрым тургундары алыскы айылдарга көчүрүлгөн элге гуманитардык жардам жетпей жатканын айтышты. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалыматты төгүндөөдө. 

Лейлек районундагы Кулунду айылынын атын атагысы келбеген тургуну аймактардан жөнөтүлгөн гуманитардык жардамдын көпчүлүгү Баткен районунун өзүндө таратылып жатканын, четтеги айылдарда азык-түлүк жана башкага муктаждык бар экенин айтат.

«Кулунду айылынын тургундарынын баары Кара-Булак, Катыраң, Өзгөрүш, Сүлүктү сыяктуу айылдарга көчүрүлгөн. Бүгүнкү күндө балдар ошол жактагы мектептерде билим алып жатышат. Ошол жакта жайгашкан адамдарга азык-түлүк керек болуп жатат. Кичинекей балдарга памперстер да абдан зарыл болуп жатат. Көпчүлүгү кичинекей балдары менен качышкан. Мындан сырткары күйүүчү май да аябай керек болууда. Учурда ушундай керектүү каражаттар менен элди камсыздоо зарыл болуп турат».

Ошол эле айылдын жашоочусу Узун-Сай жайлоосундагы тоонун арасында 200дөй адам тамак-ашсыз отурганын айтты.

«Кимдер гуманитардык жардам алып келе турган болсо, мага байланышсын. Мен керектүү жерлерди көрсөтүп берем. Азыр бир сөз айткандан коркуп калдык. Өздөрү жетиштүү деңгээлде жеткирип беришкен жок. Азыркы учурда Лейлектеги Узун-Сайда тоонун арасында 200гө чукул адам ачка жатат. Тамак-аш жетишпей жатат. Мен эмне кылышымды билбей калдым. Акимге барсам, мэрияга жумшап коёт. Ал жакка барсам, башка жакка жумшап, жаш баланы алдагандай кылып жатышат».

Баткендеги кандуу окуяда коопсуз жайга көчүрүлгөн элге бир гана гуманитардык жардам эмес, күйүүчү май да зарыл болууда.

Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Абдыжапар Досов тажиктердин куралдуу кол салуусунан качкан эл күйүүчү жана дизель майынын жетишсиздигинен улам кыйналышканын айтты.

Күйүүчү майы түгөнүп калган унаалар бүгүнкү күнгө чейин жолдо токтотулуп турат. Май куюучу жайлардын көбү жабык.

«Көпчүлүгү коркуп, май куюучу жайларын жаап коюшту. Бул нерсе чоң көйгөйдү жаратууда. Күйүүчү май кымбат, тартыш. Жогорку аймакта жашаган патриот адамдар өздөрү алып келип куюп берүүдө. Баасы 70 сомду түзүп жатат. Эвакуация учурунда качкандар аябай кыйналды. Кээ биринде акча бар, кээ биринде акча жок болду. Күйүүчү май, дизель майы жетишпей, талаада унаасы өчүп, кача албай кыйналган эл көп болду».

Расмий маалымат боюнча, Баткен облусуна жалпы 506 тонна гуманитардык жардам барган. Анын 116 тоннасын ӨКМ, 301 тоннасын жарандар өздөрү жеткирген. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Ырысбек Жолдошбаев коопсуз жайга көчүрүлүп, гуманитардык жардам жетпей калган жарандардын саны учурда такталып жатканын билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө болгон муктаждыктын баары штаб аркылуу чечилип, гуманитардык жардамдар таратылууда.

«Жабыркаган жана коопсуз жайга көчүрүлгөн жарандарга үч маал ысык тамак жана керектүү каражаттар, анын ичинде кийимдер, гигиеналык каражаттар берилүүдө. Мындан сырткары жаш балдарга памперстер таратылууда. Болгон муктаждыктары камсыздалып жатат. Мен элге кайрылат элем, эгер кимге гуманитардык жардам жетпей калса, биздин министрликке 112 номуруна түздөн түз байланышса болот. Даректерди жана байланыш телефондорду сөзсүз калтырыңыздар. Биз байланышка чыгабыз. Жакынкы складдан сиздерге тиешелүү гуманитардык жардамдарды жеткирип берүүнү уюштурабыз».

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына таянсак, 14-17-сентябрь күндөрү Баткенден жалпы 136 миң 770 жаран көчүрүлгөн, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгашкан.

Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуучу жай иштеп жатат.

Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 2 миңге жакын орун даярдалып, учурда 512 жаран баш калкалоодо.

Беткенден Бишкек шаарына да 500дөй жаран эвакуацияланган. Бул расмий маалымат эмес. Борборго көчүрүлүп келген адамдардын саны мындан көп болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM