Connect with us

Жапаров Эрдоган менен чек арадагы кырдаалды талкуулады

Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 1078 | 0

Президент Садыр Жапаров Американын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын алкагында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушту.

Мамлекет башчылары кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин жана өз ара аракеттенүүнүн башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы соңку каргашалуу окуяларга байланыштуу пикир алышты.

Президент Садыр Жапаров тажик тарап Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып чыгып, куралдуу күчтөрүн жана оор аскердик техникасын колдонуу менен Кыргызстандын аймагындагы чек ара жана жарандык объектилерге, калктуу конуштарга чыккынчылык менен кол салганын баса белгиледи. Ошол эле учурда ал күжүрмөн аракеттер кыргыз аймагында болгонун белгиледи.

Садыр Жапаров тажик тараптан түзүлгөн кырдаал карапайым калк арасында орду толгус жоготууларга алып келгенине, аскер кызматкерлеринин жоготууларына, аскердик жана жарандык инфраструктурага олуттуу зыян келтиргенине көңүл бурду.

Режеп Тайып Эрдоган Садыр Жапаровго шейт кеткен кыргызстандыктарга байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалады.

Өлкө лидерлери өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууну макулдашышты.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM