Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы кырдаал саат 9:00гө карата салыштырмалуу туруктуу

Кыска кабар | 21 Сен 2022 | 667 | 0

Бүгүн, 21-сентябрь саат 9:00гө карата алынган маалыматка караганда, 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түн тынч өттү, атышуу болгон жок.

Чек ара кызматы маалымдагандай, чек арадагы  кырдаал салыштырмалуу туруктуу, бирок чыңалуунун элементтери бар. Учурда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы чек ара тилкелери тыкыр көзөмөлдөнүүдө, ошол эле учурда жарылбай калган снаряддардан, миналардан, ок-дарылардан жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат.

Чек ара кызматынын өздүк курамы абалды турукташтыруу үчүн атайын иштерди жүргүзүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM