Биз менен байланышыңыз

Баткен: талкаланган үйлөр, тонолгон дүкөндөр

Коом | 20 Сен 2022 | 580 | 0

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда талкаланган турак жайлардын саны 364кө жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Анын ичинде үйлөр, короо жайлар, социалдык мекемелер, бала бакча, мектеп, административдик имараттар жана унаалар бар. Баткендеги жергиликтүү тургундар үйлөрү жашоого жараксыз болуп калганын айтышууда. Алар үйлөрдү калыбына келтирүү үчүн мамлекеттен жардам сурашат.

Баткен облусунун Карабак айылынын тургуну Шамшидин Жарматов 16-сентябрь күнү эртең менен саат 06:00 чамасында тажиктер тарабынан ок атылганда намаз окуп жаткан. Ошол замат балдары менен качып чыгууга жетишкен. Ал аскер кызматкерлери менен чогуу чек-арада жашап жатат. Абал турукташып калгандан кийин үйүнө келип, өрттөлүп, талкаланганын көрдү.

«Карабак айылы чек арага жакын жайгашкан. Күн батыш, чыгыш, түндүк тарабынан да тажиктер менен чек аралашпыз. Күн батыш тарабынан атылган октордун үнү угулуп баштады. Дароо эле балдарымды тургузуп, чыгалы дедим. Кырдаал оор болду. Үйүм төрт бөлмөлүү болчу. Үй-бүлөмдүн бардык мүчөлөрү менен ушул үйдө жашайт элек. Бүгүнкү жоокерлер менен чогуу чек арада жашап жатам. Кечинде досторумдукуна же кошуналардыкына барып түнөйм».

Чек арада куралдуу кол салуу болгондо коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн катарында Достук айылынын жашоочусу Багымча Досматова да бар. Ал  Жалал-Абаддагы туугандарынын үйүндө жашап жатат. Тажик аскерлери басып киргенде 7 жашы жете элек небереси менен качып чыккан.

Анын айтымына караганда, Достук айылындагы үйлөрдүн 90 пайызы жарабай калган.

«Биздин жаныбыздагы эле айыл тажиктердики. Алар бизден 1000 м алыстыкта жайгашкан. Айылыбызга басып кирип, үйлөргө ок атып, өрт чыгарышты. Эч нерсе калтырбай баарын тегизден кетишти. Муну менен катар алар үйүбүздү тоноп кетишти. 70 үй болчу, баары күйүп кетти. Мектеп, бала бакча баары талкаланды. Биздин үй жашаганга такыр жараксыз болуп калды. Үй, мал табылат экен. Бизди коргоп, шейит кеткен жоокерлердин ата-эне, жакындарына сабырдуулук тилеп, көңүл айтам».

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан талкалангандардын арасында Карабак айылындагы Арыпжан Корчуевдин уулунун да үйү бар. Тажик аскерлери алардын үйүн миномет менен аткылашкан. 2 жактуу, 7 бөлмөлүү үйүнөн эч нерсе калган эмес.

«Неберелерди алып чыгып, үйдүн эшигин бекитип качканбыз. Баткендин өзүнө жеткенде Whats app аркылуу үйдүн талкаланды деген кабар келди. Ал учурда колубуздан эч нерсе келбейт болчу. Уулум өзү мигрант. Москада иштейт. Уулумдун 5 баласы бар. Улуусу 14 жашта, кичүүсү 6 айлык. Эки жактуу үй болчу. Бир жагында 3 бөлмө, экинчи жагында 4 бөлмө болчу. Азыр эч нерсе калган жок. Баары күл болуп калды».

Достук айылынын тургуну, пенсионер Ысмайыл Кунназаровдун да үйү жашоого жараксыз боулп калды. Ал аны калыбына келтирүү үчүн мамлекет тарабынан жардам болот деген үмүттө.

«Үй жайым толук күйүп кетти. Бизге барууга уруксат жок азырынча. Баткенде штабда отурабыз. Мектептептин спорт залында жашап жатабыз. Үйүбүзгө бара элекпиз. Үйдүн күйгөн сүрөттөрүн гана көрдүк. Барып жашаганга шарт калбаптыр. Эми үмүтүбүз өкмөттө. Эмне кылат, ошону карап отурабыз».

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда бир гана үйлөр эмес башка мекемелер да зыян тарткан.

Лейлек районунун Интернационал айылында базар, көп сандагы азык-түлүк дүкөндөрү өрттөлгөнүн активист Бакытбек Салимбеков айтып берди.

«Интернационал айылында мектеп, социалдык мекемелердин абалы жакшы эле. Анча мынча терезелери сынган. Ок тийген жерлер бар. Снаряддын калдыктары тийген мекемелер бар. Көбүнчө базар, дүкөндөр талкаланган. Алардын саны көп. Учурда алардын саны такталып жатат. Атайын комиссия түзүлүп, такталууда».

Учурда келтирилген чыгымды тактоо боюнча облустук жана райондук деңгээлде тиешелүү комиссиялар түзүлүп, алар айыл өкмөттөр боюнча 9 топко бөлүнүп иш алып барышууда.

Комиссиянын курамына тергөө тобунан, ӨКМден, курулуш тармагынан да тиешелүү адистер кирди. Алдын ала маалымат боюнча, 364 турак жай талкаганган. Жеринде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат.

Комиссия текшерүүнүн жүрүшүндө канча үй канчалык деңгээлде жабыркаганын аныктайт.

Талкаланган үйлөрдү тазалоо иштери дагы ӨКМге жүктөлгөн. Жардыруучу заттардан тазаланган аймактарда жакынкы аралыкта тазалоо иштери башталат.

 

Copyright © 2017 Maral FM