Биз менен байланышыңыз

Чек араны коргоодо шейит кеткен 19 жаштагы Айдарбек Айбековдун сөөгү жерге берилди

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 1539 | 0

Чек араны коргоодо шейит кеткен 19 жаштагы чек арачы Айдарбек Айбековдун сөөгү Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Камыш-Башы айылында жерге берилди.

Маркум менен коштошуу зыйнатына анын туугандары, район акими, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, аскер кызматкерлери жана жергиликтүү эл катышты.

Айдарбек Айбеков Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылында 2003-жылы туулган.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде тажик тараптан ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин 5 аймагынан ок чыгарышкан. 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн. Бирок 16-сентябрда таңкы саат 6:00дө тажик тарап Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган. Акыркы кол салуусу үч күнгө созулуп, тажик тарап оор бронетехниканы, реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны, ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын «тирүү» калкан катары колдонгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM