Connect with us

Баткен облусунда талкаганган турак жайлардын саны 364кө жетти

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 400 | 0

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Баткен облусунда талкаганган турак жайлардын саны 364кө жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы Ырысбек Жолдошбаев билдирди.

Анын айтымында, негизинен үйлөр, короо жайлар, социалдык мекемелер, бала бакча, мектеп, административдик мекемелер жана унаалар дагы бар.

«Келтирилген чыгымды тактоо боюнча облустук жана райондук деңгээлде тиешелүү комиссиялар түзүлүп, алар айыл өкмөттөр боюнча 9 топко бөлүнүп иш алып барышууда. Комиссиянын курамына тергөө тобунан, ӨКМден, курулуш тармагынан дагы тиешелүү адистер кирди. Алдын ала маалымат боюнча, 364 турак жай талкаганган. Жеринде жарандык коргонуу комиссиялары иштеп жатат. Комиссия текшерүүнүн жүрүшүндө канча үй канчалык деңгээлде жабыркаган, калыбына келтирүүгө болот же болбойт деген жыйынтык чыгарат», — деди ал.

Талкаланган үйлөрдү тазалоо иштери дагы ӨКМге жүктөлгөн. Жардыруучу заттардан тазаланган аймактарда жакынкы аралыкта тазалоо иштери башталат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM