Биз менен байланышыңыз

Өлкө бюджетинен Баткен облусуна 497,6 млн сом бөлүндү

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 237 | 0

Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 14-17-сентябрда тажик тараптын куралдуу кол салуусунун кесепеттерин жоюуга республикалык бюджеттен 497,6 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка караганда, көрсөтүлгөн финансылык каражаттардын эсебинен куралдуу кол салуунун кесепеттерин жоюуга байланыштуу чаралар, анын ичинде оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

Кошумчалай кетсек, 14-17-сентябрда Тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 59 кыргызстандык шейит кетип, 170ке жакын адам ар кандай жаракат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, 282 коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев билдиргендей, Тажикстандын аскердик агрессиясынан Баткендин Ак-Сай айылында эле 180ден ашык үй өрттөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM