Connect with us

Баткен: Бүгүн жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүрөт

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 406 | 0

Бүгүн, 20-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусунун аймагындагы тилкесинде жарылбай калган снаряддардан, миналардан, ок-дарылардан жана башка жардыргыч заттардан тазалоо жана зыянсыздандыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жардыргыч заттардан тазалоо иштери жүргүзүлө турган аймактар курчоого алынып, кайтарууга алынат.

Бул иш-чаралар Кыргызстан менен Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрү менен макулдашылган.

Буга байланыштуу Чек ара кызматы чек арага жакын жайгашкан айыл-кыштактардын жана шаарлардын калкын сабырдуулукка, чагымчыл аракеттерге алдырбоого жана чек ара бөлүмдөрүндө же жергиликтүү бийликтерде маалыматты тактоого чакырды.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM