Connect with us

Баткен милициясы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөп жатат

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 183 | 0

Бүгүн, 20-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районунда ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек районундагы Арка, Арка-2, Кулунду, Интернационал айылдарында коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун сактоону, абалды турукташууга түшүндүрүү иштерин колго алууну, жардам сурап кайрылган жарандарга ар тараптуу жардам берип көмөктөшүү боюнча милицияга тапшырма берди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бийбосунов Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган имараттарды, үйлөрдү, короо-жайларды, соода-түйүндөрдү дыкаттык кароого алган ыкчам тергөө топторуна жардам көрсөтүү керектигин белгилеген. Анткени тергөө топтору Тажикстандын кол салуусунан жабыркаган Лейлек районунун бардык жайларын карап чыгып, мыйзам чегинде баарын аныктоого багыт алган.

Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу. Учурда абал тынч, эч кандай терс көрүнүш каттала элек.

Баткен облустук милициясынын өздүк курамы жана ага тартылган күч каражаттары абалды турукташтыруу үчүн күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшүп, коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун сактоо багытындагы атайын иштерди жүргүзүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM