Connect with us

Кыргыз-тажик УКМК башчылары протоколго кол коюшту (видео)

Кыска кабар | 20 Сен 2022 | 1054 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев 19-сентябрда Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы С.С.Ятимов менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында ок атышууну токтотуу жана кырдаалды басаңдатуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара аймактарында куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө протоколго кол коюшту.

Анда согуштук аракеттерди толук токтотуу, аскерлерди жана аскердик техниканы алардын туруктуу жайгаштырылган жерлерине алып чыгуу, 14-17-сентябрларда болгон окуяларды тыкыр иликтеп чыгуу каралган.

Кыргыз тараптан протоколго Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев кол койгон.

Чек ара аймагында тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада калыбына келтирүү боюнча тараптардын биргелешкен иши уланууда.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM