Бүгүн, 20-сентябрь саат 8:00гө карата алынган маалыматка караганда, 19-сентябрдан 20-сентябрга караган түн тынч өттү, атышуу болгон жок.
Чек ара кызматы маалымдагандай, чек арадагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу. Учурда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы чек ара тилкелери тыкыр көзөмөлдөнүүдө.
Чек ара кызматынын өздүк курамы абалды турукташтыруу үчүн атайын иштерди жүргүзүп жатат.