Биз менен байланышыңыз

Тажикстан барымтага алган төрт жоокер Кыргызстанга кайтарылды

Кыска кабар | 19 Сен 2022 | 954 | 0

Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчыларынын жолугушуусунан кийин, Чек ара кызматынын төрт аскер кызматкери Кыргызстанга келди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тараптардын жолугушуусу “Кызыл-Бел” чек ара өткөрмө пунктунда болгон.

Колго түшкөн аскерлердин бирөөсү бутунан жаракат алган, учурда алар Баткендеги ооруканаларда врачтардын кароосунан өтүп жатышат.

Эртең үйлөрүнө барышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM