Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Үч күндө 650дөн ашык жаран кан тапшырды

Ден соолук , Коом | 19 Сен 2022 | 2429 | 0

Республикалык кан борборунда Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жараат алган кыргызстандыктар үчүн өз ыктыяры менен кан тапшыргандар көбөйдү. Бир күн мурун борбордон Баткенге 160 доза эритроцит, 160 доза плазма, медициналык керектелүүчү каражаттар жана жергиликтүү баштапкы медициналык санитардык жардам үчүн реагенттер атайын борт менен жөнөтүлдү. Мындан сырткары борбор иш убактысында келе албай калган мамлекеттик кызматкерлер үчүн атайын жеринде кан алууну уюштурду.

Республикалык кан борборунда тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан жабыркаган кыргызстандыктар үчүн кан тапшыргандар көп. Алардын бири: Лейлек районунун тургуну Таазим Исманаалы уулу. Ал борборго жети досун кошо ээрчите келген.

«Бүгүн кан тапшырууга жети досум менен келдим. Кыргызстан азыр ушундай оор абалда турат. Ушундай кырдаалда өлкө үчүн каныбызды эле эмес, жаныбызды да бергенге даярбыз. Кыргыз элибизге Жараткан тынчтык, ынтымак берсин. Мекенге кызмат кылууга ар дайым даярбыз! Ал эми кан тапшыруу үчүн мурда сарык жана башка ушул сыяктуу оорулар менен оорубаган, мындан сырткары салмагы 50-55тен жогору болушу керек экен».

Бишкек шаарынын тургуну Айдай Султанбекова да кан тапшырып, колдон келген жардамын берүүдө.

«Мен да Баткенде жабыркагандар үчүн кан тапшырганы келдим. Колумдан башка жардам келбесе да, кан тапшырып жардамымды бергим келди. Үйүм да жакын болгондуктан жөн отура бербейин дедим. Аз болсо да жардамым тийсе сүйүнөт элем».

Республикалык кан борбору жарандарды Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жараат алгандар үчүн кан берүүгө чакырган.

Каалоочулар Бишкектеги жана облустардагы атайын борборлор аркылуу кан тапшыра алат. Ал үчүн жанында паспорту же аты-жөнүн тастыктаган айдоочулук күбөлүгү, же аскердик билети болушу керек.

Республикалык кан борборунун директорунун орун басары Айганыш Сатыбалдиева ишемби күнү жабыркагандар үчүн 500дөн ашык адам келип, анын ичинен 330у кан тапшырганын билдирди. Мындан сырткары ал жеринде кан алуу кызматы да уюштурулганын айтты.

«Кан берүү процесси бир адамга 45 мүнөттү талап кылат. Көчмө топ менен сырттан да кан алып жаттык. Көчмө топ аркылуу ишемби күнү 330 адам, кечээ 160 киши кан тапшырды. Бүгүн кан тапшырууга 200дөн ашык жаран келди. Учурда 100дөн ашык донор кан берип жатат. Даярдаган кандын запасы жетиштүү. Кандын бардык топтору жетиштүү көлөмдө бар. Лейлекке 160 доза жаңы тоңдурулган плазма, 160 доза эритроцит жибердик. Ал эми көчмө топ бүгүн Жогорку Кеңештин кызматкерлеринен кан алып жатат. Ал жакка 100дөн ашык адам келип, 60тан ашыгы кан тапшырганы тууралуу маалымат келди».

Бүгүн атайын жеринде кан алуу кызматы аркылуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов баштаган депутаттар жана аппарат кызматкерлери Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркагандар үчүн кан тапшырды. Бирок алардын борборго барбаганы социалдык тармактын колдонуучулары арасында сынга кабылды.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова иш убактысынан бошобой калган мамлекеттик кызматкерлердин кан тапшыруусу үчүн атайын көчмө топ уюштурулганын айтты.

«Кан борборлору дагы деле жеринде кан алып жатат. Иш күнүнө карата келе албай калгандар үчүн уюштурулган. Бишкектеги кан борборунун кызматкерлери чыгып, жеринде кан алып жатышат. Бүгүн Жогорку Кеңештин кызматкерлеринен алышты. Эртең Каржы министрлигинен алышат. Андан ары шаардык мэриядагы кызматкерлерден кан алышат. Өз ыктыяры менен тапшырам дегендерден гана алышат. Каалоочулар борбордун өзүнө келип, тапшырып кетишсе болот».

Тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунан жабыркагандар үчүн кан тапшырууну каалаган Бишкек шаарынын тургундары Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан борборго дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 8:00-14:00 аралыгында, ал эми ишемби күнү 8:00-12:00 аралыгында келсе болот.

Министрликтин маалыматына караганда, Баткен облусуна Ош, Жалал-Абад облустарынан жана Бишкек шаарынан 89 медициналык кызматкер жөнөтүлдү. Ошондой эле Баткен жана Лейлек районунан Бишкекке 98 жабырлануучу которулду.

Акыркы маалымат боюнча, Тажикстандын куралдуу кол салуусунан 59 кыргызстандык курман болуп, 163 жаран ар кандай жаракат алган. Андан тышкары бир нече адамдын дайыны чыкпай жатканы айтылууда. Жабыркагандар жана шейит кеткендер тууралуу маалымат толук тактала электиги кабарланды.

Copyright © 2017 Maral FM