Биз менен байланышыңыз

Алимбаев: Ак-Сай айылында болжол менен 180 үй өрттөлдү (видео)

Кыска кабар | 19 Сен 2022 | 798 | 0

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикерим Алимбаев Тажикстандын аскердик агрессиясынан Баткен обулсунун көптөгөн айылдарында үйлөр өрттөлгөндүгүн билдирди.

Анын айтымында, тажик тарап мал уурдап, банктарды тоногон.

«Бүгүнкү күндө облустук деңгээлде комиссия түзүлдү. Комиссия бардык зыяндарды эсептеп чыгат. Учурда Баткен районунун Ак-Сай айылында болжол менен 180 үй өрттөлгөн. Учурда айылдын аймактары тазаланып, атылган октор зыянсыздандырылууда. Ай аймактын коопсуздугу каралгандан кийин, комиссия кирип, материалдык жоготууларды эсептеп чыгат»,- деди ал.

Мындан сырткары ал Баткен облусу боюнча жалпысынан төрт комиссия түзүлгөндүгүн, алар калган аймактарда иш алып бара тургандыгын кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM