Кыргыз гидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 20-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтөт.
Күндүз Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймагында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25,
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +23…+28,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +30…+32 градус болот.