Биз менен байланышыңыз

Президент: Мекен коргоп курман болгон жоокерлердин энелерине таазим кылам

Кыска кабар | 19 Сен 2022 | 687 | 0

Президент Садыр Жапаров тажик тараптын кол салуусунан шейит кеткен жоокерлердин жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, Мекенин коргоп жатып курман болгон жоокерлердин энелерине таазим кыларын билдирди.

«Мекен чегин коргоо — ары жооптуу, ары сыймыктуу ыйык милдет. Ошентсе да эр жигиттерибиз эл-жеринин чегин коргоп жатып, кандары забын болгонуна ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздап турат. Курман болгон жоокерлерибизди жарык дүйнөгө алып келип, кыргыз жерин жанындай сүйүп, ага өмүрүн берүүгө даяр кылып тарбиялап өстүргөн энелерге айтарым, сиздер чыныгы баатыр уулдарды төрөгөн экенсиздер, сиздерге башымды ийип таазим кылам!» — деди өлкө башчы өз сөзүндө.

Ошондой эле ал жалпы кыргызстандыктардын биримдикте иш алып барып жаткандыктарына ыраазычылык билдирди.

Мындан сырткары ал эвакуацияланган жарандарга толук жардам бериле турганын маалымдады.

Copyright © 2017 Maral FM