19-сентябрь саат 8:00гө карата алынган маалыматка караганда, 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өттү, атышуу болгон жок.
Чек ара кызматы маалымдагандай, анткен менен кырдаал дагы эле курч бойдон турат. Учурда Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы чек ара тилкелери тыкыр көзөмөлдөнүүдө.
Чек ара кызматынын өздүк курамы абалды турукташтыруу үчүн атайын иштерди жүргүзүп жатат.