Connect with us

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 511 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 19-сентябрь Кыргызстанда  улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу кол салууда 36 кыргызстандык шейит кетти.

Каза болгондорго терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат: 

Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын;

Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн;

маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

Copyright © 2017 Maral FM