Биз менен байланышыңыз

Төрт-Көчө аймагында жана Лейлектен Баткен районуна чейин жол ачык

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 1106 | 0

Баткен облусунун Төрт-Көчө аймагында жана Лейлектен Баткен районуна чейин жол ачык. Бул тууралуу ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, аталган жолдордон жарандар коркпой каттай берсе болот.

«Баткен облусунун аймагында коомдук абал салыштырмалуу туруктуу. Күч органдары коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоодо. Облуста жалпы 2 миңден ашык кызматкер тартылган», — дейт ал.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги «Достук» жана Паскы-Арык жерлигиндеги «Самаркандек» чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM