Биз менен байланышыңыз

УКМК: Саат 14:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал турукташууда

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 421 | 0

18-сентябрь саат 14:00гө карата Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара тилкесинде абал тынчып, турукташууга багыт алды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, чек ара сызыгында эскалация аракети жана ок атуу байкалган жок. Тараптар ок атпоо жана тиешелүү күчтөрдү чыгарып кетүү боюнча келишимдерди сактап, бул багыттагы иштер улантылууда.

Тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү кырдаалды жөнгө салуу багытында иштерди алып барууда.

Министрлер кабинетинин орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кырдаалды жөнгө салуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарынын ишин координациялоону улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM