Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Таласта шейит кеткен Чыңгыз Акчалов акыркы сапарга узатылды

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 1790 | 0

Бүгүн, 18-сентябрда Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан шейит кеткен аскер кызматкери, ага лейтенант Чыңгыз Акчалов жерге берилди. Бул тууралуу Маралга анын бир тууган агасы Бекболсун Акчалов кабарлады.

Чыңгыз Акчалов 1998-жылдын 12-декабрында Таластын Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал 2016-жылы Бала-Саруун орто мектебин бүтүргөн. Ал эми 2020-жылы Аскер институтун аяктаган. Ошол эле жылы Баткен облусуна «Танка отрядынын» командири болуп которулган. 2021-жылы Орусияда өткөн Эл аралык диатлонго катышып, чемпион аталган.

Ушул жылдын 13-сентябрында 1 айлык эмгек эргүүсүнө чыгууну пландаган. Коогалаң башталып кеткенине байланыштуу, Баткенде калган.

Кошумчалай кетсек, эмгек эргүүсүнө чыкканынын себеби жакында үйлөнмөк.

УКМКнын Чек ара кызматында офицер катары эмгектенип жаткан.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 14-сентябрында эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги «Достук» жана Паскы-Арык жерлигиндеги «Самаркандек» чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Баткен облусуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына караганда, 17нен 18-сентябрга караган түн тынч өткөн, бирок кырдаал курч бойдон калууда.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 36 кишиге жетти,134 адам жабыркады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM