Баткен облусунан саат 10:00гө карата алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы 12 кыргызстандыктын сөөгү Баткендин саламаттык сактоо уюмдарына келип түштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы куралдуу кагылышуудан каза болгондордун саны 36 адамга жетти.
Ал эми жабыркагандардын саны 129 кишини түзүп, алардын ичинен жетөө амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.