Биз менен байланышыңыз

Чек арадагы абал саат 8:30га карата чыңалуу бойдон

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 403 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 18-сентябрь саат 8:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдады.

17-сентябдан 18-сентябрга караган түн тынч өттү. Чек ара тилкесинде ок атышуу болгон жок.

УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы өздүк курамы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM