Биз менен байланышыңыз

Эрбол Султанбаев: Президент кырдаалды көзөмөлдөп жатат

Кыска кабар | 18 Сен 2022 | 938 | 0

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги учурдагы кырдаалды көзөмөлгө алууну улантып, чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү берүүдө. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында жазды.

Ал президент Жапаров чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тийиштүү көрсөтмөлөрдү берип, бардык маалыматтарды алып жатканын билдирди.

«Зарыл маалыматтар бардык түзүмдөрдөн туруктуу негизде келип турат. Минкаб төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев башында турган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жеринде жүрүшөт. Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен ар кандай деңгээлдеги жаракат алгандарга зарыл жардам көрсөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулууда. Өзгөчө оор абалдагылар Бишкек жана Ош шаарларындагы медициналык мекемелерге аба транспорту жана унаалар менен которулууда. Ошондой эле, тийиштүү мамлекеттик органдарга коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөн тургундарды тиешелүү шарттар менен камсыздоо тапшырмасы берилди. Күч түзүмдөрүнүн жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери оор техникаларды жана аскер кызматкерлерин туруктуу жайгашкан жерлерине толук алып чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө»,- деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары ал мезгил-мезгили менен тажикстандык аскер кызматкерлери тарабынан аткылоо жүргүзүлүп жатканына карабастан жалпы күч-аракеттер менен аткылоону толук токтотууга жана маселени тынчтык жол менен чечүүгө аракет көрүлүп жатканын билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM