Биз менен байланышыңыз

УКМК: Чек арадагы кырдаал саат 21:00гө карата чыңалуу бойдон турат

Кыска кабар | 17 Сен 2022 | 423 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, 17-сентябрь саат 21:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдады.

Саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.

Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу “Гүлистан авто жол” (ТР) өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган.

УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы өздүк курамы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM