Биз менен байланышыңыз

Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын саны 103кө жетти

Кыска кабар | 17 Сен 2022 | 487 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн, 17-сентябрь саат 9:00гө карата (оперативдүү маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 103 жабырлануучу жаткырылганын билдирди. Анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.

Жарааттардын мүнөздөмөсү боюнча, негизинен, дененин ар кайсы бөлүгүнө ок тийген жана жарылуудан алган жарааттар.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 41 жабырлануучу;

2. ЖДПБ Лейлек — 21 жабырлануучу;

3. ЖДПБ Кулунду — 3 жабырлануучу,

4. ЖДПБ Сүлүктү – 6 жабырлануучу,

5. Улуттук госпиталда — 20 жабырлануучу,

6. Улуттук хирургия борборунда – 1 жабырлануучу.

7. Улуттук эне жана баланы коргоо борборуна – 6 жабырлануучу жаткырылган.

Белгилей кетсек, куралдуу кол салууда каза болгондордун саны алдын ала 24 деп айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM